Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы Индиядагы ФИДЕ дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышат

1482

Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы 2022-жылдын 28-июлунан 10-августуна чейин өтө турган ФИДЕнин Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышуу үчүн Индияга барды.

Салтанаттуу ачылыш аземи ушул жылдын 28-июлунда Ченнай шаарынын Джавахарлал Неру стадионунда Индиянын Премьер-министри Н Модинин катышуусу менен болду.

Кыргызстандык катышуучуларды Нью-Дели шаарындагы эл аралык аэропорттон Кыргызстандын Индиядагы элчиси А.Исаев тосуп алды. Аларды жылуу кабыл алуу менен, Элчи кыргызстандык шахматчыларга ийгиликтүү оюндарды, мыкты жыйынтыктарды каалап, ошондой эле олимпиада чыныгы спорттун жана достуктун майрамына айланат деген ишенимин билдирди.

Олимпиадага Кыргызстандын курама командасын ар кандай жаш категориядагы 10 катышуучудан турган эркектер жана аялдар командалары көрсөтөт.

Маалымат үчүн: Шахмат олимпиадасы 2 жылда бир өтүүчү Олимпиада оюндарынан кийинки дүйнөдөгү эң ири спорттук иш-чара болуп саналат. Бул жылы Олимпиадага 188 өлкөдөн 2000ден ашуун оюнчу катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK