Нью-Дели шаарында Ч.Айтматовдун «Жамиля» аңгемеси боюнча спектакль коюлду

4777

2020-жылдын 10-февралында Индиянын Нью-Дели шаарында Shri Ram Centre сахнасында улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун «Жамиля» аңгемеси боюнча спектаклдин көрсөтүүсү болуп өттү.

Бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон жазуучунун чыгармасынын эң терен мааниси бул күндөрү Нью-Дели шаарында өтүп жаткан «Bharat Rang Mahotsav» аттуу 21-Эл аралык Индиянын театр фестивалынын алкагында Калькутта шаарынан индиялык театралдык тобу тарабынан ачылып берилди.

Режиссер-коюучу Плабан Басу өзүнүн спектакли жөнүндө:

«Мен үчүн Жамиля – жөн гана ойноо эмес, бул өзүңдү табууда, Жамиляга гана эмес, башка бардык кыйналган аялдарга да тиешелүү. Режиссер катары бул романдагы бир нече кыйынчылыктарга туш болдум. Окуя көптөгөн кинематографиялык элементтерин камтуу менен жазылган. Ошол үчүн чыгарманы түзүү чоң чакыруу болду. Мен үчүн Жамиля – бул сүйүүнүн коомдук кулчулугунан куткаруу, бошотуу. Бул чыгарма аялдын өзүнүн сүйүүсүн эркин билдирүүгө күрөшү жөнүндө, ошол үчүн бул чыгарманын үстүндө режиссер катары иштөөгө мүмкүнчүлүк чынында пайдалуу тажрыйба жана жетишкендик».

Спектакль эч кимди кайдыгер калтырбай, өзүнүн терең актердук оюну менен көрүүчүлөрдүн суктануусун жаратты.

Спектаклге КРнын Индиядагы Элчиси А.Исаев барып, ал актердук курамды ийгиликтүү чыгуусу менен куттуктады жана мындан ары жемиштүү биргелешкен кызматташууга жана Кыргызстанга башка чыгармалары менен сапарга баруусуна үмүтүн билдирди.

Көрсөтүү хинди тилинде берилди. Убактысы 2 саат 10 мүнөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK