Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Жарандык авиациясынын Президенти шейх Абдалла Али Аль-Абдалла Аль-Салем Аль Сабах менен жолугушту

2874

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Жарандык авиациясынын Президенти шейх Абдалла Али Аль-Абдалла Аль-Салем Аль Сабах менен жарандык авиация тармагында эки тараптуу кызматташууну талкуулоо максатында жолугушту.

Элчи А.Карагулов шейх Абдалла Али Аль-Абдалла Аль-Салем Аль Сабахка Кыргыз Республикасын учууга уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына киргизип, Кувейт менен Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда түз аба каттамдардын ачылуусуна көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле кыргыз тарабынын бул тармактагы максаттуу аракеттерин белгилеп, өзгөчө “Ачык асман” саясатынын алкагында “Бешинчи аба эркиндиги” тууралуу мыйзамдын кабыл алынгандыгын жана Араб булуңундагы, анын ичинде Кувейт жарандарына визасыз режимдин киргизилгендигине көңүл бурду.

Өз кезегинде шейх Абдалла Али Аль-Абдалла Аль-Салем Аль Сабах Кыргызстанды бир тууган өлкө катары кабыл ала тургандыгын жана жүргүнчүлөрдүн санын өсүүсүнө карата Kuwait Airways авиакомпаниясынын каттамдарын ачуу пландары менен бөлүштү. Ошондой эле бул жылы кувейттиктердин арасында Кыргызстан жаңы белгилүү туристтик багыт катары таанымал болгондугу менен макул болуп, эки өлкөнүн жарандык авиация жана туризм тармактарындагы мекемелеринин ортосунда кызматташууну арттырууга даярдыгын билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы ачылган түз аба каттамдардын ачылуу шартында кыргыз жана кувейттик ишкерлердин ортосундагы байланыштарды бекемдөө жана соода алмашуунун көлөмүн өстүрүү тууралуу пикир алмашты. Жолугушуунун аягында Элчи А.Карагулов Кувейт Мамлекетинин жарандык авиациясынын Президентин Бишкеке сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK