Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн маалыматтык билдирүү

2654

Чет мамлекеттер менен аба, темир жол жана автомобиль каттамдарын калыбына келтирүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-мартынан тартып чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн «жашыл коридор» деп аталган режимди жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай максаттарда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин өлкөдөн чыгып кетүү же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу болуу үчүн тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздөө сунушталат.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-мартынан кийин өлкөнүн аймагында жүрүү эрежелерин бузган чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү айып пул төлөнүп, чыгуу визасы берилгенден кийин гана мүмкүн болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK