2021-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги элчилигинин имаратныда жайгашкан №9046 шайлоо участогунда добуш берүү башталды
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 29-августундагы № 370 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги элчилигинин имаратында ачылган №9046 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.
Буга чейин 9046-УШКнын шайлоочулар тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары добуш бере алышат. Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.