Дипломатиялык миссиянын башчысы

Карагулов Азамат Омарбаевич

Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Туулган жылы: 1973-ж. 4-октябрь.
 
Билими: Бишкек гуманитардык университетинин (БГУ), Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин араб бөлүмү (1997); Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер боюнча магистри (2015) жана аспиранты (2018).
 
Дипломатиялык карьерасы:
2021-ж.   Май айынан тарта азыркы убакытка чейин Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2019-2021-ж.ж.   КР ТИМнин Төртүнчү саясий департаментинин Директору;
2018-2019-ж.ж.   Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий бөлүмүнүн кеңешчиси, араб тили бөлүмүнүн башчысы;
2016-2018-ж.ж.   КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын илимий кызматкери, кийин Илимий изилдөө жана эл аралык кызматташтык борборунун директору;
2014-2016-ж.ж.   Бишкек гуманитардык университетинин “Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер” факультетинин жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу;
2013-2014-ж.ж.   Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги убактылуу жана ишенимдүү өкүлү, ошондой эле КР ТИМнин Азия жана Африка департаментинин кеңешчиси;
2012-2013-ж.ж.   Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык, экономикалык жана кызматташтык Департаментинин кеңешчиси;
2007-2011-ж.ж.   Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинде Кеңешчи;
2006-2007-ж.ж.   КРнын ТИМнин Чыгыш өлкөлөрү боюнча Департаментинин 1-катчысы, кийинчерээк кеңешчиси;
2005-2006-ж.ж.   Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн 2-катчысы;
2002-2005-ж.ж.   Вице-консул, Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугунда консул, БАЭ;
1998-2002-ж.ж.   Кыргыз Республикасынын Араб өлкөлөрү жана Ислам дүйнөсү менен кызматташууну өнүктүрүү жаатында Чыгыш өлкөлөрү боюнча Департаментинин Атташеси, кийинчерээк 3-катчысы;
1997-ж.   Кыргыз Республикасынын ТИМнин Чыгыш өлкөлөрү боюнча бөлүмүндө катчы-референт.
 
Билген тилдери: кыргыз, орус, араб жана англис тилдери.
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.