2023-жылдын 18-мартында, КРнын Кувейттеги Элчилиги Эль-Кувейт шаарындагы “Яум Аль-Бахар” маданий борборунда, Нооруз майрамына карата арналган “Жаз майрамы” аталышындагы маданий көргөзмөгө катышты.
2023-жылдын 18-мартында, Элчилик Эль-Кувейт шаарындагы “Яум Аль-Бахар” маданий борборунда, Нооруз майрамына карата арналган “Жаз майрамы” аталышындагы маданий көргөзмөгө катышты.
Бул көргөзмө Кувейттеги чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, маданият тармагындагы өнөрпоздордун, көл өнөрчүлөрдүн, зергерлердин, ж.б. ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Өз кезегинде Элчилик аталган иш-чарага Эль-Кувейт шаарындагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте активдүү катышып, кыргыз улуттук кийимдерин, тамак-аштарын, ата мекендик өндүрүмдөрүн жана көл-өнөрчүлүк буюмдарын көргөзүштү. Элчиликтер үчүн бөлүнүп берилген атайын павильондо, көргөзмөгө келген коноктор кыргыз тамак-аштарынан даам татып, кыргыздын маданияты, тарыхы, туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.