Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо

4051

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин имаратында №9046 шайлоо участкасы иштеп жаткандыгын маалымдайбыз.

2021-жылдын 19-ноябрь күнүнөн тартып, аталган шайлоо участкасында добуш берүүчү, шайлоочулардын алдын ала тизмеси жалпы таанышуу үчүн илинген. Шайлоочулар өздөрүн, ошондой эле, https://tizme.gov.kg/ расмий сайтынан да текшерсе болот.

Эгерде аталган алдын ала тизмеде шайлоочу өзүн таппаса, анда, консулдук каттоого Кыргыз Республикасынын Элчилигине тийиштүү арыз (арыздын үлгүсү Элчилик тараптан берилет) менен кайрылса болот. Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук жана биометрикалык каттоолордун болушу зарыл. Жок болгон учурда, аталган каттоо кызматтары, Элчилик тарабынан бекер негизде көрсөтүлөт.

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Канымкулов Нурмухаммед – №9046 УШК

тел.: +96551192101

имейл.: kgembassy.kw@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK