Кыргыз Республикасынын кооз жерлеринин 3D панорамалык картасы иштелип чыкты

3087

Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасында туризмди жайылтуу жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын кооз жерлеринин 3D панорамалык картасы иштелип чыккандыгын кубануу менен билдирет. Виртуалдык экскурсиянын жүрүшүндө өлкөнүн негизги табигый, тарыхый жана маданий кооз жерлерин көрө аласыз, ошондой эле алардын кыргыз, орус жана англис тилдериндеги кыскача сүрөттөмөлөрү менен таанышууга болот.

3D панорамалык карта Кыргыз Республикасын жана анын туристтик потенциалын чет өлкөлүк жана жергиликтүү жарандар арасында кеңири жайылтууга, ошондой эле туристтерге өлкөнүн туристтик багыттарын жакшы билүүгө жана алардын сапарын пландаштырууга жардам берет.

http://map.tourism.gov.kg/

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK