Неаполь - Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана консулдук каттоо жумушчу сапары

3146

Кыргыз Республикасынын

Италиядагы Элчилигинин пресс-релизи

2020-жылдын 6-7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин жана Тышкы Иштер Министрилигинин Консулдук кызматынын департаментинин кызматкерлери Италиянын шаарларына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана консулдук каттоодон өткөрүү максатында Неаполь шаарына барып келишти.

Бул иш сапары Неаполь шаары жана анын айланасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн конституциялык укугунан пайдалануунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу максатында уюштурулган.   

Неаполь шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен өткөн жолугушууда Элчиликтин жана ТИМнин Борбордук аппаратынын кызматкерлери боло турган маанилүү саясий иш-чара тууралуу кеңири маалымат берип, жарандардын биометриялык маалыматтарын топтошту жана консулдук каттоодон өткөрүштү, ошондой эле башка керектүү консулдук иш-аракеттерди жасашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Италияда жашаган жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана илгерилетүү жолдору талкууланды.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK