Урматтуу Ломбардия аймагында, Милан шаарында жана Италиянын түндүгүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги 2021-жылдын 22-23-майында Италиянын Милан шаарына барат.

972

Урматтуу Ломбардия аймагында, Милан шаарында жана Италиянын түндүгүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди кеңейтүү максатында Элчилик тарабынан Италиянын аймагында жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги 2021-жылдын 22-23-майында Италиянын Милан шаарына барат.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр 2021-жылдын 22 жана 23-майындагы дем алыш күндөрү (саат 9.00дөн 18.00гө чейин) Via Piero Strozzi, 120146 Milano MI дареги боюнча жүргүзүлөт.
Кабыл алууда жарандарга паспортторду берүү жана узартуу, консулдук каттоого туруу, социалдык-укуктук маалымкаттарды берүү, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
Жарандардан жогоруда көрсөтүлгөн процедураларды өткөрүү үчүн бардык керектүү документтердин болушун суранабыз.
Ушуга байланыштуу консулдук кабылдамага катышуу тууралуу алдын ала электрондук почта аркылуу билдириңиз. почта: kgembassy.it@mfa.gov.kg же элчиликтин консулу Султан Бараканов менен +39 3664937577 (WhatsApp) телефону аркылуу байланышыңыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK