2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу маалымат

3156

Урматтуу мекендештер

Түштүк Кореяда жашаган жана добуш берүүгө укугу бар бардык Кыргыз Республикасынын жарандарын 2021-жылдын 28-ноябрында шайлоо участкаларына келип добуш берүүгө чакырабыз.

Мурун маалымдалгандай, Түштүк Кореядагы шайлоо участкасы Сеул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде №9042 (адрес: Yongsan-gu, Seobingo-ro 91 lagil 16-10 (Dongbinggo-dong 28-17)  адреси боюнча жайгашкан.

Түштүк Кореядагы Кыргыз Республикасынын жарандары бир гана мурда катталган шайлоо участкасында добуш бере алышат. Өзүңүздү https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml порталынан шайлоочулардын тизмесинен текшерсеңиз болот.

Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK