Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды

1936

2022-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды.

«Чонг Ва Де» сарайында Ишеним грамотасын тапшыруунун протоколдук аземинен кийин салтанаттын катышуучуларынын президент Мун Чжэ Ин менен биргелешкен жолугушуусу болуп, анда кыргыз-түштүк кореялык кызматташуу маселелери да талкууланды.

Президент Мун Чжэ Ин А.Исмаилованы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кыргыз-корей кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча алдыдагы жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, Элчи Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инге Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан ысык саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

А.Исмаилова быйыл Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын баса белгиледи. Бул жылдар аралыгында тараптар саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдап, азыркы этапта эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине чыгуу зарылчылыгы келип чыкканын айтты. Кыргызстан Түштүк Корея менен мындан аркы ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык экендигин белгилеп кетти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK