Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Президентинин Тышкы саясат жана улуттук коопсуздук боюнча атайын кеңешчиси Мун Джон Ин менен жолугушту

5056

2021-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Президентинин Тышкы саясат жана улуттук коопсуздук боюнча атайын кеңешчиси Мун Джон Ин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Корея Республикасынын Президентинин “Жаңы түндүк саясаты” демилгесинин алкагында саясий кызматташтыкты тереңдетүү, коопсуздук, COVID-19га каршы күрөшүү, ошондой эле Корея Республикасы тарабынан киргизилген чектөөлөрдөн, окууга жана иштөөгө бара албаган КРнын жарандары үчүн Түштүк Кореяга кирүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча маселелери талкууланды.

Динара Кемелова маектешине Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, болуп өткөн Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасы боюнча референдумдун жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Маектешүүчүлөр Кыргызстанда жана Түштүк Кореяда болуп жаткан демократиялык процесстер жана мамлекеттик башкаруунун тажрыйбасы жөнүндө пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK