Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчилиги жыл сайын өтүүчү " Import Goods Fair 2021" эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

4051

2021-жылдын 22-июлунан 24-июлуна чейин Сеул шаарында "Import Goods Fair 2021" эл аралык көргөзмөсү өтүүдө, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин жардамы менен ата мекендик продукциялар: бал (Аман Гринфуд, Bee Honey, Дары Тянь-Шаня, Алай жана Чоң-Алайдын балчылары), шоколад жана нуга (Nag Group), табигый комплекстүү витаминдер жана чөптөрдүн негизинде жасалган эликсирлер (Aronia Farm), кийизден жасалган буюмдар, ошондой эле Түштүк Кореянын HESED компаниясы тарабынан Кыргызстандан келген текстиль буюмдары тартууланды.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө конокторго Кыргыз бал, боорсок жана "Чак-чак" сунушталууда.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Элчилиги мамлекеттин туристтик потенциалы менен тааныштырууда, атап айтканда, Кыргызстан жөнүндө видеофильмдерди көрсөтүп жана туристтик мүмкүнчүлүктөр жөнүндө брошюраларды таратууда.

Маалымат үчүн: Жыл сайын өтүүчү "Import Goods Fair 2021" көргөзмөсү Түштүк Кореяда чет мамлекеттердин товарларын жана продукцияларын илгерилетүү боюнча эң ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK