Сеулда өткөн Түндүк экономикалык кызматташтык Үчүнчү Эл аралык форумунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун кайрылуусу окулду.

3269

2021-жылдын 18-ноябрында Сеул шаарында Корея Республикасынын Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча Президентинин комитети тарабынан уюштурулган Түндүк Экономикалык Кызматташтыктын Үчүнчү Эл аралык форуму өттү. Түштүк Кореянын мамлекеттик органдарынын, ири уюмдарынын, банктарынын жана компанияларынын жетекчилери, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, Россия Федерациясынын, Монголиянын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде “Жаңы Түндүк саясатынын” өнөктөш өлкөлөрүнүн элчилери катышышты.

Ачылыш аземинде Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Форумдун катышуучуларына кайрылуусун окуп берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров өз кайрылуусунда Кыргызстандын жагымдуу инвестициялык климатына токтолуп, кореялык компанияларды жана банктарды текстиль өнөр жайы, жашыл экономика жана энергетика, санариптештирүү, биргелешкен инвестициялык фонддорду түзүү, айыл чарба жана кайра иштетүү, акылдуу шаарларды жана акылдуу чарбаларды түзүү жана туризм сыяктуу тармактарга инвестиция салууга чакырды. Кайрылууда ошондой эле Кыргызстандын гидроэнергетикасынын жана кен байлыктарынын зор потенциалы белгиленди.

Кыргызстанда калктын бакубаттуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасында, ошондой эле региондогу жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлаштырылган “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө багытталган бир катар улуттук программалар ишке ашырылууда. Кыргызстандын Президентинин кайрылуусунда 2026-жылга чейин кабыл алынган Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктары катары экономиканын артыкчылыктуу тармактары белгиленип, алар Корея Республикасынын “Жаңы Түндүк саясатынын 9 көпүрөсү” багыттары менен дал келет, тактап айтканда, жашыл энергетиканы, транспорттук-логистикалык инфраструктураны, айыл чарбаны, өнөр жайды, инвестициялык кызматташтыкты, саламаттыкты сактоону, маалыматтык технологияларды жана туризмди өнүктүрүү.

Кыргызстандын Президенти ошондой эле аймактын өлкөлөрүн сооданы либералдаштырууга жана жеңилдетүүгө, инвестицияны жана транспорттук логистиканы өнүктүрүүгө дем берүүгө, өнөр жайга жана жашыл экономикага инновациялык технологияларды биргелешип киргизүүгө чакырды.

Ошондой эле, Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Элчиси Д.Кемелова панелдик бизнес-сессияга катышып, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана өлкөдөгү жагымдуу бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK