Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Исмаилованын Рамазан айынын башталышына байланыштуу куттуктоосу!

1941

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин атынан Ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайм.

Рамазан айы мусулмандар үчүн өзгөчө мааниге ээ жана руханий дүйнөнү тазалоого, адеп-ахлактын тереңдетүүгө жана таза ойлорду көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Бул ай тынчтыкка жана бекемдөөгө, боорукердикке жана биримдикке чакырган руханий жактан тазалануунун жана жаңылануунун башталышы менен байланыштуу. Орозо айынын башталышын белгилеген бул күнү, сиздерге бактылуу өмүр, жүрөгүңүздөргө тынчтык жана руханий байлык каалайм!  

Кармаган Орозоңуздар кабыл болсун, баардык жакшы тилеген тилектериңиздер, кыялдарыңыздар жана пландарыңыздар орундалсын.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Аида Исмаилова

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK