2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Фондунун Аткаруучу вице-президенти, Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун Катчылыгынын директору Ли Чон Гук менен жолугушту.

1857

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Аида Исмаилова Кыргызстандын «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал Форумдун аткаруучу органы катары Катчылыктын маанилүү ордун белгилеп, мындан ары Кыргызстанда айыл чарба, шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, инфраструктура, транспорт, экология, гидроэнергетика, санариптештирүү, тоо-кен өндүрүшү жана текстилдик өнөр жай, билим берүү жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга ишеним билдирди.

Өз кезегинде Ли Чон Гук мырза Катчылыктын быйылкы жылдагы пландары тууралуу маалымат берип, жогоруда аталган бардык маселелер боюнча Форумдун алкагында мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30- жылдыгын белгилөөнүн алкагында Борбордук Азия-Корея Республикасы форумунун алкагында 2022-жылы боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK