Түштүк Кореядагы Кыргызстандын Элчиси Кореядагы эл аралык подрядчиктер Ассоциациясынын Тɵрагасы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкулашты

2080

2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кореядагы Эл аралык подрядчиктер Ассоциациясынын  төрагасы Пак Сун Хо мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар долбоорлорду, анын ичинде улуттук жер маалыматтык башкарууну өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду жана Кыргыз Республикасында Жер ресурстарын башкаруу боюнча кызматташтык борборун түзүү боюнча талкуулашты.

КР Элчиси А.Исмаилова Кыргызстанга кореялык конгломераттарды тартууга, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кыргыз-Корея ишкерлер ассоциациясын түзүүгө көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Ассоциациянын төрагасы Пак Сун Хо мырза Кыргызстанга болгон кызыгуу чоң экенин белгиледи. Ал ошондой эле бизнес-форумдарды уюштуруу аркылуу кыргыз жана кореялык компаниялардын ортосунда байланыштарды түзүү идеясын колдоду.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасына кореялык инвестицияларды тартууга багытталган иш-чараларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK