Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө

1681

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында учурда Элчилик тарабынан Корея Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Корея Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн кыргыз коомдук уюмдарынын укук белгилөөчү документтерин чогултуу иштери аткарылууда. Бул иш 2022-жылдын 15-октябрына чейин коомдук уюмдарга Элдик Курултайга катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү укугун берүү максатында жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге, Элчилик Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо укугу Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмесине кирген коомдук уюмдан келип чыгаарын маалымдайт. Коомдук уюм тизмеге бул уюмдун Корея Республикасында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү менен жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде киргизилет (кыргыз же орус тилине которулган котормонун аныктыгы да нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, Корея Республикасынын Юстиция министрлигинин Апостили менен бекемделиши керек). Элдик Курултайдын делегаттары эмгек мигранттарынын ичинен коомдук уюмдар тарабынан бир уюм – бир мандат принциби боюнча шайланат.

Элчилик төмөнкүлөр Элдик Курултайдын Делегаттары боло албастыгына көңүл бурат:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
  • чет өлкөлөрдүн жарандары;
  • соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;
  • мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар адамдар, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, алардын соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлбаганына карабастан;
  • жашы жете элек адамдар.

Буга байланыштуу, Элчилик Корея Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн жана Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды көрсөтүүнү каалаган кыргыз коомдук уюмдардан тиешелүү документтерди (уюмдун Корея Республикасында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен жазуу жүзүндөгү арыз) 2022-жылдын 15-октябрына чейин берүүнү өтүнөт (дареги: Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17) Сеул, Корея, эл.почта: kyrgyzconsulkorea@gmail.com).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK