Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин 2022-жылдын 30-октябрындагы маалыматтык билдирүүсү

2353

Сеул шаарынын Итхэвон районунда 151 адам каза болуп, 82 адам жаракат алган өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Элчилиги Йонгсан районунун полициясынын алдын ала маалыматы боюнча, курман болгондордун жана жабыр тарткан жарандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирди.

Ошол эле учурда, Элчилик эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болууну сунуштайт.

Маалымат үчүн, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде +82-10-6891-2707 (WhatsApp) ишеним телефону иштеп жатканын билдиребиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK