Сеул шаарында Кыргыз студенттеринин Курултайы өттү

239

2023-жылдын 11-ноябрында Сеул шаарында Кореядагы кыргызстандык студенттер Ассоциациясынын уюуштуруусу менен Кыргыз студенттеринин Курултайы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова иш-чаранын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө студенттердин Корея Республикасында алынган билимдерин Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Элчилик Ассоциациянын ар кандай демилгелерин колдоп келе жатканын жана мындан ары колдоого даяр экенин билдирди.

Ошондой эле курултайдын жүрүшүндө ассоциациянын ишмердүүлүгү жана студенттер менен өз ара аракеттенүү жана аларды колдоо боюнча уюмдун мындан аркы пландары жөнүндө презентация өткөрүлдү.

Мындан тышкары, иш-чара ар кандай улуттук оюн-зооктор жана студенттер тарабынан уюштурулган интерактивдүү оюндар менен коштолду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK