И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Корея Республикасынын Суншиль университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

285

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин көмөгү жана иштөөсү менен, эки өлкөнүн окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты орнотуу боюнча иштин алкагында, 2024-жылдын 3-апрелинде И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Корея Республикасынын Суншиль университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Аталган Меморандумга ылайык тараптар тажрыйба алмашууда, билим берүү жана илимий программалардын алкагында адистер менен алмашууда, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана студенттер менен аспиранттар үчүн биргелешкен такшалмаларды өткөрүүдө кызматташат.

Бул И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Корея Республикасынын Суншиль университетинин ортосундагы өнөктөштүк эки өлкөдө тең билим берүүнүн жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзгөн узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негиз салат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK