2020-жылдын 24-июнунда Сеул шаарында "Борбордук Азия - Корея Республикасы" (БАКР) Форумунун Аткаруу комитетинин отуруму болуп өттү. Аталган комитеттин түзүмүнө Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа Департаментинин Башкы директору, БАКР Форумунун Секретариатынын аткаруучу директору жана Корея Республикасында аккредитацияланган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Элчилери киришет.

5480

Аткаруу комитетинин мүчөлөрү коронавирустун глобалдык деңгээлде жайылышына байланыштуу кырдаалды эске алуу менен Форумдун алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты.

Ошондой эле 6 өлкөнүн өкүлдөрү Корея Республикасынын алдыңкы тажрыйбаларына көңүл буруу менен саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну илгерилетүү, ошондой эле билим берүү, стандартташтыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Корея тарапты Корея Республикасынын медицина тармагындагы жетишкендиктерин эске алуу менен Борбор Азия өлкөлөрүнө коронавируска каршы күрөшүү потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK