Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси «Person&People» корпорациясына барып анын жетекчилиги менен Кыргызстандын территориясында өндүрүштү түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

5424

2020 жылдын 21 июлунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Кореянын "Person & People" корпорациясында болуп, төрага Ли Жин Хо менен жолугушту.

Иш сапардын жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү инфекция жуккан бейтаптар үчүн бөлмөлөргө абанын оң жана терс таасирин тийгизген аппараттарды көрсөтүштү. Бул аппараттар азыркы учурда Түштүк Кореянын айрым ооруканаларында колдонулат.

Компаниянын Төрагасы Ли Жин Хо мырза менен болгон жолугушууда Д.Кемелова Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүгө багытталган медициналык жабдууларды өндүрүү боюнча кореялык компания менен кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Маектешүүчүлөр Кыргызстанга инвестиция тартуу жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө экендигин эске алуу менен Кыргызстанда тиешелүү жабдууларды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Төрага компаниянын продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоого уникалдуу укугу бар экендигин айтты. Анын айтымында, компания Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө 1000ден ашуун аппараттарды экспорттогон.

Жолугушуунун натыйжасында Корея тарап Кыргызстанга 3 аппаратты бекер берүү ниетин билдирди (алардын жалпы суммасы 8400 АКШ долларын түзөт).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK