Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

5051

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Мамлекеттик порталда www.tizme.gov.kg шилтемеси аркылуу шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздөрдүн аты-жөнүңүз бар же жок экендигиңиз тууралуу маалыматты алсаңыз болот.

Эгерде, тизмеде ката же так эмес маалыматты көрсөңүздөр, шайлоочу арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 29-декабрына чейин тийиштүү арыз менен (Форма-1 же Форма-2) кайрылуу укугуна ээ, арызга өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү тиркелет, шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Баардык суроолор боюнча Элчиликтин 02-379-0951 жана 02-379-0952 номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK