Консулдук каттоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги жарандарынын консулдук каттоодон өтүүлөрү керектигин эскертет.

Консулдук каттоонун негизги максаты - Түркиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, натыйжалуу консулдук кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле Түркиядагы кыргыз жарандарынын конституциялык, анын ичинде шайлоого катышуу ж.б. укуктарын колдонуу үчүн тизме түзүү. 

Консулдук катоо үчүн Элчиликке төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1. Катталуу карточкасы (ЖҮКТӨӨ)

2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту

3. 3x4 өлчөмдөгү бир сүрөт

4. Каттоо акысыз

Катталуу үчүн аралыктан да арыз берүүгө болот. Бул үчүн жогорудагы документерди сканерлеп, Элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.

 

Консулдук эсепке алуу Кыргыз Республикасынын жарандарын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде алардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын коргоо максатында жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерге үч айдан ашык мөөнөткө кетип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандары он беш күндүн ичинде алар жүргөн мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде катталат (консулдук эсепке алынат).

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерге туруктуу жашоо үчүн кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук кызмат адамы (мындан ары - консул) өзүнүн консулдук округу боюнча Кыргыз Республикасынын төмөндөгү жарандарын каттоого жана консулдук эсепке алат:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоого кеткен жарандарды;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерге окуу, иштөө же башка максаттар менен үч айдан ашык мөөнөткө кеткен жарандарды;

- чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар асырап алган жашы жете элек балдарды;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк тиешелүү түрдө толтурулган жашы жете элек балдарды;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жерин алмаштырган жарандарды.

Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын консулдук эсепке алуу үчүн баланын ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлдөөчүсү) ылайык белгиленген үлгүдөгү арызды толтурууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоого кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуунун жана аларды мурдагы жашаган жериндеги катталган эсебинен чыгаруунун тартиби

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоо үчүн кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрү жүргөн өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине туруктуу консулдук эсепке алуу жөнүндө төмөнкүлөрдү берет:

а) белгиленген формадагы толтурулган каттоо карточкасын;

б) Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун, «Каттоо эсебинен чыгарылды» деген штампы менен жана чет мамлекеттин аймагында жашоого укук берген уруксат документи бар чыгып кетүү даректик барагын, алардын ксеркөчүрмөлөрүн тиркөө менен;

в) 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөтүн берет.

Эгерде жаран Кыргыз Республикасындагы жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыкпаса, анда өзү жүргөн өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине туруктуу консулдук эсепке алуу жөнүндө кайрылганда, төмөндөгү документтер берилет:

а) Кыргыз Республикасында жашаган жеринин так дарегин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасындагы жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу арыз берилет (үй-бүлөнүн ар бир 16 жашка толгон мүчөсү үчүн өзүнчө толтурулат). Аты-жөнү өзгөргөн учурда орус жана кыргыз тилдерине котормосу күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтер тиркелүүгө тийиш;

б) белгиленген формадагы толтурулган каттоо карточкасынын эки нускасы;

в) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, (өзүндө болсо) анын ксеркөчүрмөсүн тиркөө менен;

г) 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт берилет.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө убактылуу жүргөн жарандарын консулдук эсепке алуунун тартиби

Кыргыз Республикасына белгилүү бир мезгилге Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерге чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдө убактылуу жүргөндөр деп эсептелет.

Жарандардын мындай категориясына өзү барган өлкөнүн окууда, дарыланууда жүргөн, эмгек келишими (контракт) боюнча иштеген же ишкердик жүргүзгөн, ошондой эле туугандарына жана тааныштарына барган жарандар кирет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде үч айдан ашык мөөнөттө убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме тарабынан жашаган жериндеги каттоо эсебинен чыгарбастан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын жарандары убактылуу негизде консулдук эсепке алуу жөнүндө кайрылууда төмөнкүлөрдү берет:

а) белгиленген үлгүдөгү эки нускада толтурулган каттоо карточкасын;

б) Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында болууга чет мамлекеттин уруксаты бар паспорту (жалпы жарандык паспортко кошулушу/чапталышы мүмкүн), алардын ксеркөчүрмөлөрүн тиркөө менен берет;

в) 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөтүн.

Жашаган жериндеги каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө жарандардын арыздары жана кетүүнүн даректүү барактары талап кылынбайт.

Көрсөтүлгөн бардык документтер берилгенден кийин консул жарандарды белгилүү бир мезгилге консулдук эсепке алууну жүзөгө ашырат, бул мөөнөт аяктагандан кийин консулдук эсепке алуу автоматтык түрдө жокко чыгарылды деп эсептелет.

Консулдук эсепке алуудан баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун же аны алмаштырган документинин (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде белгиленген) жок болушу;

- жарандын мыйзамдуу кетишинин жана чет мамлекеттин аймагында жүрүшүнүн далилинин жок болушу;

- ушул Жободо белгиленген кандайдыр-бир документтин жок болушу же туура эмес толтурулушу.

Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруунун тартиби

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдөгү консулдук эсептен чыгаруу төмөндөгү учурларда жүзөгө ашырылат:

- жаран Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кеткенде;

- жаран башка чет мамлекетке жашоо үчүн кеткенде;

- жаран бир мамлекеттин чегинде жашаган жерин өзгөрткөндө, башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчкөндө;

- адам жарандыктан чыккан же жарандуулугун жоготкон учурда, адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуусу;

- жаран дүйнөдөн кайтканда.

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдөгү консулдук эсептен чыгаруу жарандардын арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан жарандардын чет өлкөлүк паспортторуна «Консулдук эсептен чыгарылды ... (дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин аталышы, датасы, колу, мөөрү)» деген штампты консул тарабынан басуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Консулдук эсептен чыкпаган жана Кыргыз Республикасына шашылыш тартипте кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде эсептен чыгарылбагандыгынын себебин көрсөтүү менен эки нускада жазылган арыз менен кайрылган өзгөчө учурларда (оору, кырсыкка учуроо, депортация, кыйын материалдык абалы ж.б.), Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызматы эсептен чыгарышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жараандарынын консулдук каттоого туруу баасы: акысыз