Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде Чыңгыз Айтматовго арналган эскерүү иш-чарасы өттү

884

Залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып өтүп жаткан бир катар иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 19-декабрында Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында Элчилик менен Кечиорен мэриясы тарабынан уюштурулган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Кечиөрен муниципалитетинин мэри, Элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Анкара аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп, комуздун коштоосунда кыргыз элинин улуттук күүлөрү жаңырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK