Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор Биримдигинин (TDMMB) Башкы катчысы Ильяс Демиржи башында турган аталган уюмдун жетекчилиги менен жолугушту

2221

2021-жылдын 16-ноябрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор Биримдигинин (TDMMB) Башкы катчысы Ильяс Демиржи башында турган аталган уюмдун жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө И.Демиржи Элчи Өмүралиевге Биримдик жана анын ишмердүүлүгү, ошондой эле гидроэнергетика, курулуш, өнөр жай жана башка тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн Кыргызстанга көздөлгөн иш сапары тууралуу маалымат берди.

Элчи Өмүралиев Кыргызстанга болгон кызыгуу үчүн ыраазычылык билдирип, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуу түзүүгө жана Кыргызстанда жолугушууларды уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. К.Өмүралиев TDMMB мүчөлөрүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алууга мамлекеттен 15 жылдык кепилдик берилээри, капитал үчүн либералдуу мыйзамдар, Европа Биримдигинин Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) программасы менен 6200 жана АКШнын ЖПС программасы боюнча 3200 даана өнүмдү бажы алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берип, ошондой эле 190 млн. калкы бар ЕАЭБдин базарына Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн  белгиледи.

TDMMB чечими менен Элчи Кубанычбек Өмүралиевге Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор Биримдигинин Ардактуу мүчөсү наамы ыйгарылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK