2021-ж. 3-5-июлунда Түркиянын Хатай шаарынын Мэри Лүтфү Саваш жана Искендерун шаарынын Соода-өнөр-жай палатасынын башчысы жетектеген ишкерлердин делегациясынын Кыргызстанга иш сапары болуп өттү

2771

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана туризмди илгерилетүү максатында 2021-ж. 3-5-июлунда КРнын Анкарадагы Элчилиги тарабынан уюштурулган, Түркиянын Хатай шаарынын Мэри Лүтфү Саваш жана Искендерун шаарынын Соода-өнөр-жай палатасынын башчысы жетектеген ишкерлердин делегациясынын Кыргызстанга иш сапары болуп өттү.

Сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана каржы министри А.Жапаров, КРнын Инвестициялар министри А.Шыкмаматов, Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Суу жана Кара-Балта шаарларынын Мэрлери менен жолугушту.

Иш сапардын жүрүшүндө түрк делегациясына Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берилди, тараптар энергетика, айыл чарба, өнөр-жай жана текстиль тармагындагы биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Хатай шаары менен Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кара-Суу шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө Протоколдорго кол коюлду. Тараптар Кыргызстандын аталган шаарларынын 2021-жылдын декабрь айында Хатайда уюштурула турган ЭКСПО-2021ге катышуусун талкуулашты жана мындан аркы көп тармактуу кызматташтык үчүн байланыштарды түзүштү.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында кыргыз жана түрк ишкерлеринин B2B жолугушуулары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлери түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK