Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отуруму өттү

2127

Биздин максат – Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толду.

«30 жыл аралыгында кыргыз жана түрк элдери ортосундагы достук мамиле стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине өсүп жетти. Биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз дээрлик бардык тармактарда – билим берүү, саламаттык сактоо, соода жүргүзүү, коопсуздук, айыл чарбасы, миграция, тоо-кен жана туризм тармагында өнүгүүдө. Менин пикиримде, өкмөттөр биздин мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоосу керек», – деди ал жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча катары кызмат кылаарын кошумчалады.

Улукбек Марипов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин жакын арада Түркия Республикасына жасаган расмий сапары эки өлкө ортосундагы достук мамилелерге жаңы дем берди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, атамекендик экономиканын гидроэнергетика, байланыш, айыл чарба, текстиль, тоо-кен өндүрүүчү өнөр жай, туризм жана билим берүү тармактары жакшы инвестициялык потенциалга ээ.

Улукбек Марипов белгилегендей, Кыргыз Республикасы чет элдик инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүүгө жана алардын иштеши үчүн тийиштүү кепилдиктерди берүүгө даяр.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов баса белгилегендей, Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташтыктын маанилүү багыттары боюнча пикир алышуу болду, өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмеси ийгиликтүү өттү.

Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай өз кезегинде эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK