2021-жылдын 12-15-октябрында Министр Бообек Ажикеев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясынын Түркияга иш сапары болуп өттү

2647

2021-жылдын 12-15-октябрында Министр Бообек Ажикеев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясынын Түркияга иш сапары болуп өттү.

13-октябрда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, 2018-жылдагы Өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгын, Кыргызстанды Издөө жана куткаруу боюнча эл аралык консультативдик топко кошуу максатында Кыргызстандагы «ИНСАРАГ» тобун окутуу жана жабдуу, ошондой эле КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрларын даярдоо маселелерин талкуулашты. Түрк тарабы кыргыз делегациясын Түркиядагы окуялар жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымат онлайн режиминде берилген Коопсуздук жана чукул кырдаалдар боюнча координациялоо борборунун (GAMER), ошондой эле киберкоопсуздук жана эркектер тарабынан аялдарга карата гендердик зомбулуктун ж.б. алдын алуу бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Таанышуу жана кызматташтыкты орнотуу максатында, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкан ТРнын Ички иштер министрлигинин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүндө болду: Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү дирекциясы (AFAD), жандармериянын атайын күчтөрүнүн колбашчылыгы жана жээктеги коопсуздук колбашчылыгы, Коопсуздук боюнча Башкы дирекциясынын авиация боюнча башкармалыгы.

14-октябрда ТРнын Айыл жана токой чарба министрлигинин Токой чарба Башкы дирекциясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда түрк тарабы ТРдагы токой өрттөрүн өчүрүү боюнча ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Министр Ажикеев КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (КРнын ӨКМ) Түркиядагы өрттөрдү өчүрүүгө жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

15-октябрда Түркиянын подрядчылар Биримдигине (ТМВ) болгон иш сапарында кыргыз делегациясы Биримдиктин жана ТМВга мүчө болгон курулуш, энергетика, финансы, консалтинг ж.б. тармактардагы компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Министр Ажикеев Кыргызстан түрк компанияларынын катышуусу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

ТМВдагы жолугушууга катышкан Элчи Кубанычбек Өмүралиев энергетикалык компанияларды Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууга чакырды. Элчи ишкерлерге Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 10%ын гана колдонүп жатканын айтып, инвесторлор үчүн мамлекет тарабынан түзүлгөн шарттарды, анын ичинде чакан ГЭСтерди жана башка электростанцияларын куруу үчүн импорттоло турган жабдууларга КНС төлөнбөөрүн белгиледи.

Түрк кызматташтык жана координация Агенттигинин (ТИКА) Президенти Серкан Каялар менен болгон жолугушууда тараптар КРнын ӨКМдин ТИКА менен биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, КРнын ӨКМнин сууда сүзүү кызматынын потенциалын жогорулатуу жана табигый кырсыктардан жабыркагандар жана аталган министрликтин куткаруучулары үчүн реабилитациялык борбордун курулушу боюнча маселелерди талкуулашты.

Иш сапардын аягында кыргыз делегациясы Элчилик тарабынан Анкаранын Кечиөрен муниципалитети менен биргеликте аталган муниципалитеттин борбордук аянтында ү.ж. 31-августунда орнотулган Улуу Манастын эстелигине барып, ал жерде Мэр Тургут Алтынок менен жолугушуу өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK