2021-жылдын 20-ноябрында Анталияда "Түрк дүйнөсүнүн шедеврлери" аттуу концерттик туру аяктады

2208

Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган түрк дүйнөсүнүн адабиятынын залкарлары Низами Гянжеви менен Юнус Эмреге арналган “Түрк дүйнөсүнүн шедеврлери” аттуу концерттик тур 2021-жылдын 20-ноябрында Анталияда өткөн чоң концерт менен аяктады.

Концертке Элчи Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүсен Касеинов, Анталия шаардык мэриясынын Башкы катчысынын орун басары Дурмуш Али Аслан, Түркиянын мекеме-уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле көптөгөн көрүүчүлөр катышышты.

Түрк искусствосунун сүйүүчүлөрү ТҮРКСОЙ тарабынан дүйнөнүн 5 өлкөсүнөн 200гө жакын өнөрпоздун катышуусунда уюштурулган гастролдун алкагында, Юнус Эмре жана Низами Гянджавинин жараткан поэтикалык мурасынын негизинде түрк дүйнөсүнүн композиторлорунун жараткан чыгармаларынын премьерасын угууга мүмкүнчүлүк алышты.

Концерттик турга түрк дүйнөсүнүн белгилүү дирижёрлору жана солисттери, анын ичинде Кыргыз Республикасынан Айбек Саралаев, Айзирек Момунова жана Салия Эмилбекова катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK