Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргыз Республикасынан келген студенттер менен жолугушту

1837

2022-жылдын 14-апрелинде Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргыз Республикасынан келген студенттер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркияда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Элчи К.Өмүралиев түрк тарап менен ишке ашырылган жана пландаштырылган биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде студенттер Элчиликтин активдүү иш алып барып жатканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Өзгөчө коронавирустук пандемия учурунда эки өлкө бийлик органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымат берүү жана жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча чартердик каттамдарды уюштуруу жаатындагы ишин оң баалашты.

Ошондой эле студенттер Анкарада кыргыз студенттеринин биримдиги түзүлгөнү тууралуу маалымат беришип, мындан ары Элчилик менен биргелешип ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү менен иш алып барууга ниетин билдиришти.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн Башчысы студенттерди Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү катары Элчилик уюштуруп жаткан маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK