Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Соода министри Мехмет Муш менен жолугушту

1742

2022-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Соода министри Мехмет Муш менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-отурумунун иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн жана 2022-жылы күзүндө Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отурумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Европа Биримдигинин ЖСП+ (Жалпы преференциялар системасы) ж.б программалар тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынан Түркияга товарларды алып келүүдө бажы алымдарынын жогору экендигин эске алуу менен, Элчи Кыргызстандын продукцияларын, анын ичинде балды, буурчакты, этти ж.б. Түркияга экспорттоодо тарифтик ставкаларды төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде, Министр Муш Элчиге Кыргызстандын экспорттук продукцияларынын, анын ичинде балдын презентациясы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандан продукция алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыга турганын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK