Элчи Кубанычбек Өмүралиевге "2021-жылдын эң ийгиликтүү Элчиси" наамы ыйгарылды

1694

2022-жылдын 14-майында Малатьяда өткөн “GAP” аттуу Түркиянын Журналисттер биримдигинин 15-сыйлоо аземинде “2021-жылдын Эң ийгиликтүү Элчиси” номинациясындагы сыйлык Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевге ыйгарылды.

Сыйлык Элчи К.Өмүралиевге Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту чыңдоого, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө, экономиканы көтөрүүгө жана өз ара сооданын көлөмүн арттырууга кошкон салымы үчүн тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында Молдова Республикасынын курамындагы Гагауз автономиялуу аймактык райондун Башчысы, Түркиянын Президентинин Улук кеңешчиси, Румыниянын Президентинин Улук кеңешчиси, Малатиянын Губернатору жана Мэри, Түркия, Иран жана Румыниянын Соода-өнөр жай палаталарынын Башчылары, белгилүү саясатчылар, ийгиликтүү бизнесмендер, илим жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү медиа өкүлдөрү да ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарга татыктуу болушту. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK