Анкарада «Манастын уулу Семетей» тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү

1936

2022-жылы 3-июнунда Анкара шаарынын «Атакуле» кинотеатрында белгилүү драматург Жалил Садыковдун чыгармасынын негизинде режиссер жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков тарткан «Манастын уулу Семетей» тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү.

Анкарадагы тасманын жабык көрсөтүүсүнө Түркиянын бийлик өкүлдөрү, белгилүү акын-жазуучулар, окумуштуулар, көркөм чөйрө адамдары менен бирге түрк кино өкүлдөрү, продюсерлер, кинопрокат кызматчылары жана кеңири белгилүү Netflix, TRT, TRT Sinema компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Тасманын соңунда ой-пикирлер айтылып, Түркиянын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу «Манас эпосу кыргыз элинин дүйнөдөгү теңдеши жок, улуу эпос. Ал жалпыбыздын руханий баалуулугубуз, түрк элдеринин сыймыгы. Мына ушундай руханий дөөлөтүбүздүн башатынан кайнап чыккан улуу чыгарманын өзөгүндө көркөм тасмалардын тартылышы азыркы учурда эң маанилүү маселеси» деп белгиледи. Ошондой эле Түркия Парламентинин мүчөсү, кыргыз-түрк достук тобунун башчысы Сабри Өзтүрк, адабиятчылар жана окумуштуулар дагы өз ойлорун айтып, аталган тасма тарых жана каада салттарды чагылдырган тасма экенин белгилөө менен режиссерго ийгилик каалашты.

Ал эми кино тармагындагы адистер өз ойлорун, конкреттүү сунуштарын жеке жолугушууда тасманын автору менен талкуулоо ниеттерин билдирди. Тасманын таанытымына Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (Түрксой) Башкы катчысы Султан Раев катышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK