2023-жылдын 10-февралы саат 20:00гө карата Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу кырдаал боюнча маалымат

615

1. 2023-жылдын 10-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 20:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 23:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 19 388 адамга жетип, 77 711 адам жаракат алган.

2. Ушул учурдагы маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында каза болгондор боюнча тастыкталган маалымат жок.

3.  Хатай шаарында Кыргыз Республикасынын жаранынын каза болгондугу тууралуу ММКда тараган маалымат боюнча, Элчилик аталган шаарда издөө-куткаруу жана кыйраган имараттарды тазалоо иштери уланып жатканын билдирет. Учурда Антальядагы Башкы консул Хатай шаарында.

4.  Элчилик жана Башкы консулдуктар тарабынан уюштурулган дагы бир эвакуациялоо автобусу Газиантеп шаарынан Анкарага жөнөтүлдү. Автобуста Кыргызстандын 6 жараны, ошондой эле Казакстандын 4 жараны менен Монголиянын 2 жараны (Казакстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү) бар.

5. Элчиликтин жана Башкы консулдуктун кызматкерлери жабыркаган аймактарда ишин улантууда. Кайрылуулар түшкөн Кыргызстандын бардык жарандары менен байланыш түзүлдү. 

6. Дипломаттар Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды жана боз үйлөрдү кабыл алууну уюштурууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

7.  Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы төрт күндүн ичинде 1200гө жакын чалуу жана билдирүү иштелип чыкты.

8. Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары ачылды.

9. Жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Элчилик тарабынан акча которуу үчүн атайын эсептер ачылды.

10. Кырсык болгон аймактын 10 провинциясында издөө-куткаруу жана гуманитардык иштерге 141 миңден ашык адам тартылган, анын ичинде чет өлкөдөн келген куткаруучулар да бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK