2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Кечиорен жергиликтүү аймагынын жетекчиси Тургут Алтынок менен жолугушуусу болуп ѳттү

5978

2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Кечиорен жергиликтүү аймагынын жетекчиси Тургут Алтынок менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Тараптар Кечиорен жергиликтүү аймагы менен Бишкек шаарынын Ленин районунун ортосундагы достук жана боордоштук байланыштарынын мындан ары да ар түрдүү тармактарда кызматташтыгын өнүктүрүү жана аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилеринин ѳз ара сапарларын жүзөгө ашыруу зарылчылыгын белгилешти.

К.Омуралиев мурда Кечиорендин аймагында эки сейил паркынын: Ч.Айтматов паркы жана Кыргызстан-Манас паркы деп аталышына ыраазычылыгын билдирди. Т.Алтынок учурда А.Айтматов жана Кыргызстан-Манас атындагы парктарда көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу билдирди.

К.Омуралиев жана Т.Алтынок үстүбүздѳгү жылдын декабрь айында кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнѳ карата паркка Ч.Айтматовдун эстелигин тургузуу жана Кечиорен жергиликтүү аймагынын алдындагы аянтка Манастын эстелигин тургузуу, Кечиорен жергиликтүү аймагы тарабынан ар жылы уюштурулуп келе жаткан маданий Фестивалга Кыргызстандан топтордун катышуусу, ошондой эле кыргыз ашканасы үчүн Кечиоренден жер тилкесин бѳлүп берүү маселелери боюнча макулдашышты.

  • 2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Кечиорен жергиликтүү аймагынын жетекчиси Тургут Алтынок менен жолугушуусу болуп ѳттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK