Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Конья шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү

397

2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Конья шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Шаардык кеңештин төрагасы Мустафа Узбаш менен жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук байланыштарды аймактык деңгээлде мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын талкууланды.

Бишкек жана Конья шаарларынын ортосундагы боордош шаар мамилелери боюнча түзүлгөн келишимди эске алуу менен, элчи эки тараптуу сапарларды уюштуруу аркылуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө чакырды.

  • 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Конья шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK