Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Конья провинциясынын губернатору Вахдеттин Озкан менен жолугушту

414

2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Конья провинциясынын губернатору Вахдеттин Озкан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Р.Казакбаев Кыргызстандагы учурдагы долбоорлор, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба жана транспорт тармагындагы иштер тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарынын, өзгөчө студенттердин Конья провинциясында болушуна максималдуу колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып, губернатор В.Озкан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүнө ишендирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда боордош шаарлардын мамилелерин практикалык ишке ашыруу контекстинде элчи губернатор В.Озканды Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK