Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим менен жолугушту

412

2024-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, анын ичинде 2024-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын эки мамлекеттин аймагында өз ара саякаттоо жана болуу шарттарын талкуулашты, ошондой эле тараптардын Тышкы иштер министерстволорунун ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүүгө макулдашты.

Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын акысыз дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну эртерээк жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи жана ошондой эле жылына 500 адамга берилүүчү квотаны кеңейтүү өтүнүчү айтылды.

Эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелери талкууланды, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка көп тараптуу платформалардын алкагында тараптардын өз ара аракеттенүү маселелери каралат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK