Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу, түрк бийликтери жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Кыргызстандын 349 жаранынын кайтуусу боюнча Стамбулдан Бишкекке чартердик аба каттамы ишке ашырылды.

5443

Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу, түрк бийликтери жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Кыргызстандын 349 жаранынын кайтуусу боюнча Стамбулдан Бишкекке чартердик аба каттамы ишке ашырылды. Аталган аба каттамы менен жарандардын кайрылуулары боюнча Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык, Түркиянын ар кайсы шаарында дарылануу, иштөө, окуу жана башка максаттар менен келген жарандар кайтарылды.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын аяктарынан бери Түркиянын 31 шаарынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына жана 23-апрелден 26-апрелге чейин сыртка чыгууга тыюу салынгандыгына карабастан, Элчилик түрк бийлиги менен биргеликте Кыргызстан жарандары үчүн Стамбулга баруу максатында жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу боюнча маселени ишке ашырды. Анкара, Анталья, Измир, Кастамону, Карабүк, Кайсери, Конья ж.б. шаарларда тыгыз жашаган жарандардын көпчүлүгү үчүн Эл аралык Стамбул аэропортуна баруу үчүн транспорт уюштурулган.

Элчилик жана Башкы консулдук Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмесин түзүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу керектүү маалыматтар дайыма Элчиликтин расмий сайтына жайгаштырылууда.

  • Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу, түрк бийликтери жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Кыргызстандын 349 жаранынын кайтуусу боюнча Стамбулдан Бишкекке чартердик аба каттамы ишке ашырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK