2020-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын 232 жараны Түркиядын кайтып келди

4571

2020-жылдын 2-июлунда Стамбул шаарынын Сабиха Гокчен атындагы эл аралык аэропортунан Стамбул-Бишкек багыты боюнча «Пегасус» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Кыргыз Республикасынын 232 жараны мекенибизге кайтарылды.

Элчилик жана Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан алдын ала тизмелер даярдалган жана башка уюштуруу маселелер иштелип чыгып, анын алкагында Түркиянын тиешелүү мекемелери жана «Пегасус» авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Өз каалоосун билдирген Анкара шаарынан кетүүчү жарандарга Стамбул шаарындагы аэропортко баруу үчүн транспорт уюштурулду.

Авиарейс коронавирус Covid-19 илдетинин пандемиясына байланыштуу чет өлөклөрдөгү чек аралардын убактылуу жабылуусунун жана аба каттамдардын токтошунун кесепетинен мекенибизге кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон Кыргызстандын жарандарынын кайтаруу иштеринин алкагында ишке ашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK