Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркияда жашаган мекендештер жана этникалык кыргыздар менен жолугушуусу

3900

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында, 2020-жылдын 8-ноябрында Анкара шаарында Түркияда туруктуу жана убактылуу жүргөн мекендештер менен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Джусупбекова катышкан узак жолугушууда, Министр Р.Казакбаев Кыргызстандын учурдагы ички саясий абалы жөнүндө кеңири айтып, болуп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин баса белгиледи.

Министр Премьер-министр башында турган өлкөнүн жаңы жетекчилиги жана Президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаров, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишинин бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде конституциялык реформаларды, сот системасы менен укук коргоо органдарында реформаларды, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасында реформаларды жүргүзүүгө ниеттенүүдө экенин белгиледи. Р.Казакбаев жаңы Өкмөттүн коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы татуулашкыс күрөш жүргүзүүдөгү бекем позициясын баса белгиледи.

Мекендештерибизге Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылышынын курч мезгилинде жигердүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле жолугушууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Р.Казакбаев Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин иши биринчи кезекте чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарын колдоого жана алардын жашоосу, окушу жана иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештер Министр менен Түркиядагы жашоо жана эмгекке байланыштуу оор жана кооптуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өркүндөтүү, Түркиядагы кыргыз жарандарын консулдук жана укуктук жактан колдоо, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик түзүмүн алдыдагы реформалар боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

Түркиянын жогорку окуу жайларыда окуган студенттерден, аспиранттардан жана окутуучулардан  турган диаспора өкүлдөрү Кыргызстандагы билим берүү системасында реформалар боюнча сунуштарын айтышты, өлкөлөрдүн ортосунда дипломдорду таануу зарылдыгын белгилешти, ошондой 2021-жылдын 10-январында өтө турган шайлоо алдында өзгөчө маанилүү болуп саналган Кыргыз Республикасынын шайлоо системасындагы өзгөрүүлөр боюнча өз сунуштарын билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлөрдөгү кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү маселесин, чет өлкөлөрдөгү кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү маселесин, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу маселесин, виза алуу жана өлкөлөрдүн ортосунда иштөөгө уруксат алуу процедураларын жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууга Ван провинциясынын Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү да катышып, алар менен Р.Казакбаев өзүнчө кеңири баарлашты.

Вандык кыргыздар тарыхый мекендин гүлдөп-өнүгүшүн каалап, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы аркылуу Премьер-министр жана Президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаровго жазуу жүзүндө кайрылууларын жана каалоо-тилектерин узатышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK