Башкы консулдуктун Кыргызстандын студенттик жердештиги менен жолугушуусу

5669

2019-жылдын 2-апрелинде Урал федералдык университетинде, Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун жана аталган окуу жайдын жетекчилигинин Кыргызстандын студенттик жердештиги менен жолугушуусу болуп ѳттү.  Жолугушууда орус тараптан Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В. Козлов, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы ѳкүлү А. Харлов, Свердлов облусундагы Адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Т.Мерзлякова, Сверлов облусунун Аймактык мусулмандар дин башкармалыгынын тѳрагасы Р. Гиндуллин, УрФУнун биринчи проректору Д.Бугров жана башкалар катышып, сѳз сүйлѳштү. Кыргыз тараптан – консул Н. Алымбеков жана атташе Ч. Исанаева, «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун ѳкүлдѳрү жана кыргызстандык студенттер катышышты.   Жолугушууда Россия Федерациясынын Президенти В. Путиндин 2019-жылдын 28-29-мартында Кыргызстанга мамлекеттик иш-сапары менен баруусу жана Кыргыз-Россия региондор аралык сегизинчи конференциясынын жыйынтыгы, ошондой эле Свердлов облусу менен Кыргызстандын кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги, анын ичинде 2020-жылы Екатеринбург шаарында ѳткѳрүлчү Кыргыз-Россия региондор аралык тогузунчу конференциясы ж.б. биргелешкен иш-чаралар боюнча суроолор талкууланды.Тараптар кызматташуу үчүн ыраазычылык жана мындан аркы  ѳз ара мамилени чыңдоого даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK