Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторунун жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартуу жөнүндө маалымат

4421

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 токтомуна ылайык, КР жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспортунун (ички паспорт) жарактуу мөөнөтүн, ошондой эле 2020-жылдын 1-январынан тартып 30-декабрына чейинки убакта жарактуу мөөнөтү аяктаган Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортунун (чет өлкөлүк паспорт)  жарактуу мөөнөтүн (16 жашка чыга электерден тышкары) 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын кабарлайт.

Бул Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жүргөн КР жарандарына гана тиешелүү болуп саналат.

Паспорттун мөөнөтүн узартуу Россия Федерациясында жүрүү жана эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасына кирүү үчүн гана (кайрылып келүү) чет элдик мамлекеттердин мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн пайдаланылса болот.

Зарыл болгон учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары КР паспортунун жарактуу мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө маалымкат алуу же ага тийиштүү белги коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылса болот.

Россиянын Урал федералдык округунда жүргөн КР жарандарынын паспортторунун мөөнөтүн узартуу/маалымкат берүү акысыз негизде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу мекендештерге кайрылып, ушул маалыматты Россиянын Урал федералдык округунда жүргөн туугандарына жана тааныштарына жеткирип коюшун өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK