Кыргызстандын Башкы консулунун Россия ТИМинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушуусу жөнүндө

3106

2020-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россия Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Харлов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Р.Бийбосунов А.Харловго Кыргыз Республикасынын ТИМинин 2020-жылдын 16-октябрындагы Билдирүүсүнүн текстин тапшырып, өлкөдө болуп өткөн ички саясий окуялар, анын ичинде Өкмөттүн жаңы курамынын түзүлүшү, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуусун, андан соң мамлекет башчысынын милдетин аткаруу Премьер-министр С.Жапаровго жүктөлгөндүгү жөнүндө кыскача маалымат берди. Мында Башкы консул бийликтик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш жүзөгө ашырылгандыгын белгиледи.

Р.Бийбосунов С.Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын башкы стратегиялык өнөктөшү боюнча кала тургандыгын белгилеп, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Р.Казакбаев менен С.Лавровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү жөнүндө маалымдады.

А.Харлов Кыргыз Республикасында тез арада туруктуулук орношун каалай тургандыгын айтты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK