ЖАРЫЯ

2597

                                                                         Урматтуу мекендештер!

Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын (мындан ары – РФ) Президентинин 2020-жылдын 18-апрелиндеги жана 23-сентябрындагы «Россия Федерациясында жаңы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылуу коркунучунан улам чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» Жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын (мындан ары – КР) жарандарына төмөнкүлөрдү маалымдайт:

  • 2020-жылдын 15-мартынан 15-декабрына чейинки мезгил ичинде КРнын жарандарынын РФда убактылуу болушунун, убактылуу же туруктуу жашоосунун мөөнөттөрү, ошондой эле КРнын жарандары миграциялык каттоого тургузулган мөөнөттөр – эгер мындай мөөнөттөр көрсөтүлгөн мезгилде аяктаган болсо, убактылуу токтотулат.
  • Белгиленген мезгилде КРнын жараны менен кабыл алуучу тараптан миграциялык каттоонун мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт.
  • КРнын жараны жашаган (жүргөн) жерин өзгөрткөндө жашаган (жүргөн) жери боюнча каттоого 2006-жылдын 18-июнундагы №109-ФМ "Россия Федерациясында чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык каттоосу жөнүндө" Федералдык мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда турууга тийиш.
  •  КРнын жараны же аны кабыл алган тарап РФда миграциялык каттоону жүзөгө ашыруу боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылса, тийиштүү мамлекеттик кызмат толугу менен көрсөтүлөт.
  •  Аларга карата РФнын аймагынан көзөмөлгө алынып, өз алдынча чыгып кетүү формасында РФнын аймагынан административдик чыгарып салуу, РФна кирүүгө уруксат бербөө же РФда жүрүүсү (жашоосу) ылайыксыз деген чечим кабыл алынган КРнын жарандарынын РФнын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мөөнөттөрү да 2020-жылдын 15-декабрына чейин узартылды.
  •  2020-жылдын 15-декабрына чейин КРнын жарандарына карата (эркинен ажыратуу жайларынан бошотулган, же РФнын мамлекеттик чек арасы жөнүндө мыйзамдарды бузган, же РФнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген, анын ичинде РФнын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күч менен өзгөртүүнү жактаган, же террорчулук (экстремисттик) иш-аракеттерди жасоого көмөктөшкөн же аларды жасаган, ошондой эле башка иш-аракеттери менен террорчулук(экстремисттик) ишти колдогон чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан тышкары) административдик жол менен чыгарып салуу, депортациялоо, РФда убактылуу жүрүү мөөнөтүн, убактылуу жашоого уруксаттарды, РФна ыктыярдуу көчүп барууга көмөктөшүү боюнча Мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүктөрүн кыскартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынбайт.

РФнын Президентинин 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 580 Жарлыгы жана ошондой эле 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 Жарлыгы менен кошумча пункт киргизилген, ага ылайык, 2020-жылдын 15-декабрына чейин КРнын жарандарына өздүгүн тастыктаган документтерге ылайык жана башка мамлекеттердин аймагы аркылуу РФнын аймагынан (башка чет мамлекеттердин аймагы аркылуу транзитсиз) РФнын аймагынан чыгып кетүүгө уруксат берилет, эгерде документтердин мөөнөтү 2020-жылдын 14-мартынан кийин бүткөн болсо.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, РФнын миграциялык мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу максатында Башкы консулдук КРнын жарандарын РФнын аймагында жүрүүсүн алдын-ала мыйзамдаштырып, тийиштүү документтерди тариздеп алууга чакырат.

Бул үчүн РФнын “Россия Федерациясында чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык каттоосу жөнүндө” Федералдык мыйзамынын 22-беренесинин 2-пунктуна ылайык үйдүн/батирдин ээсине же ижарага берген жаранга (мыйзамда “Кабыл алуучу” деп аталат) чет элдик жаранды жашап жаткан дарек боюнча миграциялык каттоого тургузуу жөнүндө кайрылууну сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK