Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосуновдун Курган облусуна болгон сапары жөнүндө

2323

2021-жылдын 19-20-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россиянын Курган облусунда болду.

Бул сапар Курган облусунун губернатору Вадим Шумковдун чакыруусу менен Россия Федерациясынын Урал федералдык округунда аккредитациядан өткөн чет өлкөлөрдүн консулдук мекемелеринин өкүлдөрүнө Курган облусунун экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу иш-чарасынын алкагында өттү.

Р.Бийбосунов чет өлкөлүк кесиптештери менен биргеликте ЖЧК «Велфарм» жаңы фармацевтикалык компаниясына, ЖЧК «Курган индустриалдык паркына», «Облустук өнүктүрүү аймагы» индустриалдык паркына, аймактагы ишканалар өндүргөн продукциялардын үлгүлөрүнүн көргөзмөсүндө болуп, Курган облусунун экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясына катышты.

Сапардын алкагында облустун губернатору В.Шумков, экономикалык саясат боюнча облустун башчысынын орун басары В.Архипов, жана «Курган шаарынын соода-өнөр жай палатасы» Союзунун президенти И.Назаренко, ошондой эле аймактагы ЖЧК «Компания «Метрополис» соода тармагын негиздөөчүлөрүнүн бири менен жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушууларда, Кыргыз Республикасы жана анын аймактарынын Курган облусу менен кызматташуу маселелери талкууланды. Р.Бийбосунов талапка ээ болгон продукцияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өз ара жеткирүүнү жүзөгө ашырууну сунуштады. Бул багытта, тараптардын ишкерлеринин катышуусунда кийинки жолугушууну уюштуруу максатында биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашышты.

Башкы консул Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө айтып берип, Курган облусунун жашоочуларынын ден соолуктарын чыңдоочу эс алууларды Ысык-Көлдө уюштуруу максатында туристтик компаниялар, региондогу ишканалардын кесиптик бирликтери жана Кыргызстандын ден соолукту чыңдоочу курорттук мекемелердин ортосунда кызматташтыкты орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Курган шаарында Р.Бийбосунов аталган аймакта жашаган мекендештер менен жолугушту. Ал Башкы консулдук тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, мекендештерди колдоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлгөн чаралар, айрыкча бир катар консулдук кызматтардын баасын төмөндөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын кызыктырган суроолорго жооп беришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK